Түп району: Мектеп, бала бакча башчылары өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча окуудан өтүштү
8-9-декабрь күндөрү Ысык-Көл облусунун Түп районундагы мектептерде жана бала бакчаларда “Жергиликтүү деңгээлде өзгөчө кырдаалдарга даярдыкты
күчөтүү жана кырсыкты азайтуу маселелери” деген темада окуу болуп өттү. Окуунун негизги максаты - турмуш-тиричилик коопсуздугу сабагынын окутуу ыкмалары боюнча маалымдамаларды иштеп чыгуу,
өзгөчө кырдаалдарга болгон даярдыктарды күчөтүү, андан тышкары жарандык
коргонуу мыйзамынын жана башка ченемдик-укуктук актыларынын талаптары
боюнча мектеп мугалимдеринин билимин жогорулатуу жана тажрыйба
арттыруу.
Автор: Автандил Добулбеков
Өзгчөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, окуунун жүрүшүндө мектептерге жана бала бакчаларга биринчи медициналык жардам көрсөтүүгө даярдалган аптечкалар жана өрт калкандары таратылып берилди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

