Улукбек Кочкоров депутаттарды Бажы биримдигин талкуулоого активдүү катышууга чакырды
Жогорку Кеңештин 10-декабрдагы жыйынында "Кыргызстандын табигый жана уруксат берилген монополиялар жөнүндө" мыйзам долбоору каралып жатат. Мыйзам долбоорун депутат Замир Бекбоев 3-окууда тааныштырып жатып, депутаттардан сунуштар түшпөгөнүн билдирди. Андан кийин депутат Улукбек Кочкоров кесиптештерин Бажы биримдигине байланышкан мыйзам долбоорлоруна активдүү катышууга чакырды. “Биз мыйзам долбоорлоруна өз сунуштарыбызды берип албасак, кийин бере албайбыз. Талкууларга да жазылбай жатабыз. Минтип отурганыбызга эл нааразы болууда”,- деди Кочкоров.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

