super.kg logo

Өткөн сутка ичинде өлкө аймагында 8 өрт кырсыгы катталып, Сокулук районунда турак үйдөн өрт чыкты

 

Жарандык коргонуунун Өрткө каршы күрөшүү кызматынын маалыматы боюнча, акыркы суткада өлкө аймагында 8 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 8 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын 10-декабрда берген маалыматына ылайык, Бишкек шаарында 1, Чүй облусунда 4, Ош облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 1, Ош шаарында 1 өрт кырсыгы катталган.

Сокулук районуна караштуу Маловодное айылындагы үйлөрдүн биринен өрт кырсыгы катталды. Анын кесепетинен 20 чарчы метр бөлмөнүн жыгач шыбы күйүп кетти. Ошондой эле Токмок шаарындагы жыгач устундуу, темир жабылган 20 чарчы метр чакан үйдүн чатыры, 5 чарчы метр турак үйдүн чатыры күйгөн. Өрттүн келип чыгуусуна мештин туура эмес түзүлүшү себеп болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: