super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңеш айлана-чөйрөнүн коопсуздугун камсыз кылууга багытталган мыйзам долбоорун 3-окууда добуш берүүгө жиберди

 

Жогорку Кеңеш 10-декабрдагы жыйынында "Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун карады. Демилгечилердин айтымында, 7-8 органдын базасында Мамлекеттик экологиялык-техникалык инспекция түзүлгөндөн кийин, анын ишмердүүлүгүн ишке ашыруучу ыйгарым укуктарын да берүү зарыл. Бул инспекцияга экологиялык жана коопсуздук техникасы жагындагы көзөмөлдөө милдети өткөрүлүп берилген. Буга байланыштуу аталган иш-милдеттердин өткөрүлүп берилишин эске алуу менен Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекстин беренелери менен бир катар мекемелердеги административдик укук бузуулар жөнүндө иштер кайра каралып, алардын айрымдарын Мамлекеттик экологиялык-техникалык инспекцияга өткөрүп берүү жагы сунушталган.

Жыйынтыгында адамдардын саламаттыгын, жаныбарлардын дени-карды соо өсүп-жетилишин, айлана-чөйрөнүн коопсуздугун камсыз кылууга жана терс кесепеттердин алдын алууга багытталган мыйзам долбоору 3-окууда добуш берүүгө жиберилди. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: