super.kg logo
  Саясат  

Тоң районунун Бөкөнбаев айылында Жаштар борбору ачылат

 
Ысык-Көл облусундагы Тоң районунун Бөкөнбаев айылында бүгүн, 10-декабрда Жаштар борбору ачылат. Бул тууралуу Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Борбордун ачылышына аталган министрликтин жетекчиси Алиясбек Алымкулов катышат. Борбордун максаты - жер титирөөдөн жабыркаган Тоң районунун тургундарына жардам берүү, жаштарды бириктирүү жана алардын убактысын пайдалуу жана кызыктуу өткөрүүгө шарт түзүү. Анда жаштар компьютерди өздөштүрүү, чет тилдерин үйрөнүү, түрдүү долбоорлорду жазуу жана тренинг, семинарларды өткөрүү менен алектенишмекчи. 
Маалыматка таянсак, учурда өлкөдө 44 Жаштар борбору иштеп жатат. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: