super.kg logo
  Саясат  

Бишкектин 7,5 чакырым жолун кытайлык компания оңдойт

 

Бишкек шаарынын үч көчөсүн оңдоого Кытай өлкөсү каражат бөлүүдө. Тийиштүү макулдашууну Жогорку Кеңеш 10-декабрдагы отурумунда карап жатат. Экономика министри Темир Сариевдин айтымында, эки тараптуу келишимге ылайык, кытай тарап Бишкек шаарынын көчөлөрүн оңдоо үчүн 31 миллион доллар гранттык каражат карап жатат. Бул каражатка Бишкектин 105 чакырым көчөсү оңдолот. Жолдун алгачкы фазасында Бишкек шаарынын үч көчөсүн (7,44 чакырым) калыбына келтирүү багытында 52,5 миллион юань (491,688 миллион сом) бөлүп жатат. Сариев бул жолдорду оңдоо боюнча тендерге кытайлык гана компаниялар катышарын кошумчалады.

“2-3 жылдын ичинде оңдоп бүтүүгө убада берип жатышат. Ошондой эле алып келген техникаларын калтырып кетишмекчи. Бирок тендерге Кытай компаниялары гана катышсын деген шарт коюшту”,- деди Сариев.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: