super.kg logo
  Саясат  

Алмазбек Атамбаев кыргыз элин Адам укуктарын коргоонун эл аралык күнү менен куттуктады

 
Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев 10-декабрда өлкө жарандарын Адам укуктарын коргоонун эл аралык күнү менен куттуктады. Куттуктоодо булар айтылат:

“Урматтуу кыргызстандыктар!

Мекендештерим!

Бүгүн биз дүйнө коомчулугу менен бирге Адам укуктарынын эл аралык күнүн - БУУнун Башкы ассамблеясы Адам укуктарынын жалпы декларациясын кабыл алгандыгынын 66 жылдыгын белгилеп жатабыз.

Кыргызстан эгемендикке ээ болгондон тартып Конституцияда адам укуктарын жана эркиндигин жогорку баалуулук катары аныктап, укуктук мамлекет куруу жолуна түштү.

Кыргызстан үчүн адам укугу - эң жогорку баалуулук. Мындай өлкө болуш биз үчүн өтө кымбатка турду. Дал ошол үчүн 2010-жылдын 7-апрелинде биздин далай мекендешибиз курман болгон.

Кыргыз эли үчүн адам укуктарын коргоонун учурдагы системинин негизин түзгөн адамдын абийири жана ар-намысы, адилеттүүлүк жана теңдик деген түшүнүктөр ар дайым өзгөчө дөөлөт болгонун эстен чыгарбайлы.

Көптөгөн өлкөлөр, ал тургай бүтүндөй региондор кризиске туш болуп турган азыркы шартта демократиянын мындан аркы өнүгүүсүндөгү баалуулуктар жана мамилелер кайрадан каралууда. Улуттук адеп-ахлакты коргоо, абийирибизди таза сактап, жаратылыштын жана адамдык касиеттин табигый мыйзамдары менен шайкеш жашоо өзгөчө мааниге ээ. Ар бир адамдын кызыкчылыгы үчүн демократиялык талкуулар жана укуктук системди өнүктүрүүдө өз жолубузду издөө мамлекеттүүлүктү бекемдөө ишинин маанилүү бөлүгү болуп саналат.

Мындай системди түзүү жеңил деп айтууга болбойт. Туруктуу экономикага ээ жана күчтүү социалдык саясат жүргүзгөн укуктук мамлекет курууга ар бир жаран өз салымын кошууга тийиш.

Бул маанилүү милдет - мамлекеттик бийликтин жергиликтүү жана улуттук деңгээлдеги бардык бутактарынын иши. Бардык жарандар мамлекеттин мыйзамдарын жана ар бир жарандын укуктарын урматтоого милдеттүү.

Бардыгыңыздарга бейпилдик, жакшылык, ден соолук, байгерчилик каалайм. Мыйзамдуу укугуңар сакталып, ар дайым келечекке ишеним менен карагыла!"






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: