Кожобек Рыспаев: "Банк күрөөгө коюлган мүлктү ээсинен тартып алгандан кийин 3 эмес, 2 жылдын ичинде сатышы керек"
"Банк күрөөгө коюлган мүлктү ээсинен тартып алгандан кийин 3 эмес, 2 жылдын ичинде сатышы керек". Мындай пикирди депутат Кожобек Рыспаев Жогорку Кеңештин 10-декабрдагы жыйынында банктардын ишине тийиштүү мыйзам долбоору каралып жатканда билдирди. Депутаттын айтымында, мындай чара мамлекет үчүн пайдалуу. “Банктар насыя алуучу тарабынан күрөөгө коюлган мүлктү азыркыдай 3 жыл эмес, 2 жылдын ичинде сатышы керектигин сунуштап жатабыз. Мүлктү жарандардан тартып алганы аз келгенсип, банк мүлктү 3 жыл салык төлөбөй кармап жатат. Насыя алган жаран акчасын төлөй албай, күрөөдөгү мүлкүн банкка тарттырып жиберсе, банк мүлктүн тагдырын 2 жылдын ичинде чечиши керек",- деди Рыспаев.
Мыйзам долбоору экинчи окууда талкууланып жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:11
2025-11-10
15:14
2025-11-10
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















