super.kg logo

Көчмөндөр оюндары өткөн ат майданды курууда дайыны чыкпай калган миллиондор боюнча кылмыш иши козголду

 

Көчмөндөр оюндары өткөн ат майданды курууда дайыны чыкпай калган миллиондор боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 10-декабрда билдирди.

Маалыматка караганда, 2014-жылдын июль айында Улуттук спорт түрлөрүн өнүктүрүү борбору менен “Темир-Канат” ишканасынын ортосунда жалпы суммасы 51 миллион 900 миң сомго Чолпон-Атадагы ат майданын куруу боюнча келишим түзүлгөн. Иликтөөнүн жүрүшүндө эмнегедир келишимге өзгөртүүлөр киргизилип, курулуш иштеринин жалпы баасы 72 миллион 500 миң сомдон ашып кеткени аныкталган. Ошондой эле 11 миллион 60 миң сомдук жумуштардын аткарылбаганы белгилүү болгон. Буга катар бир канча физикалык жана юридикалык жактар “Темир-Канат” ишканасы жана Улуттук борбор тарабынан аткарылган жумуштар үчүн эмгек акы берилбей жатканын айтышкан. Учурда “ишенип берилген мүлктү ээлеп алуу”, “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.      






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
10.12.2014. 12:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эрте козгошуптурго,Мадумаров атасына ант берип жатпады беле корупция болгон жок деп,эн жакшысы болушушунуз керек эле урмату мадумаров мырза.
10.12.2014. 14:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кыргызстандын башы корупциядан качан чыгат экен.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: