super.kg logo
  Саясат  

Талас шаарын суу менен камсыздоо тармагына 5,9 миллион доллар бөлүнүүдө

 

Жогорку Кеңеште 10-декабрда Талас шаарын суу менен камсыздоо тармагын каржылоо жаатындагы эл аралык эки макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзамдын долбоору каралды. Аталган эки макулдашуунун негизинде Талас шаарынын таза суу менен камсыз кылуу системинин жабдууларын алмаштырууга 3,9 миллион евро суммасында грант жана 2 миллион евро көлөмүндө жеңилдетилген насыя берилет. Жеңилдетилген насыя каражаты 15 жылдык мөөнөткө 1 пайыздык үстөгү менен каралмакчы, мунун алгачкы 3 жылы – төлөмсүз мөөнөт.

Мындан тышкары Дүйнөлүк экологиялык фондунун, жаратылыш өзгөрүү фонду тарабынан техникалык кызматташтык үчүн 0,9 миллион евро грант берилмекчи.

Мыйзам долбоору 3-окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: