super.kg logo
  Саясат  

Чек ара көйгөйү боюнча быйыл кыргыз-тажик өкүлдөрү 80 жолу жолугушту

 
Кыргызстан менен Тажикстандын Чек ара кызматтарынын өкүлдөрү 9-декабрда Баткен облусунун Жаштык айыл аймагында жолугушуу өткөрүштү. Мамлекеттик чек ара кызматы билдиргендей, делегациялар чек ара көйгөйлөрүн чечүү боюнча буга чейинки иштердин жыйынтыгын жана 2015-жылы жасалчу иштерди талкуулашты. 2014-жылы кыргыз-тажик чек ара өкүлдөрү аймактагы түшүнбөстүктөр боюнча 80ден ашык жолугушуу өткөргөнү айтылды. Жыл ичинде Баткен аймагында 32 чек ара чатагы чыккан, бул өткөн жылкыдан эки эсе көп. Тараптар мындан ары чек ара жаңжалдарына жол бербөө, жергиликтүү тургундарга алдын ала түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарылдыгын белгилешти. 
"Мамлекеттик чек арага тийиштүү бардык маселелер сүйлөшүү жолу менен гана чечилиши керек. Ошондуктан өлкөлөрдүн чек арачыларынын ортосундагы карым-катышты күчөтүү зарыл",- деди Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын башчысынын орун басары Искендер Мамбеталиев





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: