super.kg logo
  Саясат  

Жоомарт Оторбаев жер титирөөдөн жабыркагандарга берилген акчалар тойлорго жумшалып жатканын айтты

 

"Ысык-Көлдө жер титирөөдөн жапа чеккендер мамлекеттен алган ссудаларды тойлорго жумшап жатышыптыр",- деп билдирди өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев. Премьер-министр муну 10-декабрда Жогорку Кеңеште 2015-жылдын бюджетинин долбоору талкууланып жатканда айтты. Жыйында депутат Максат Сабиров Оторбаевге "Табигый кырсыкка кабылгандарга 50 миллион сомдук ссуданы канча жылда берип бүтөсүздөр?" деп суроо берди. Өкмөт башчы резерв болсо, тез аранын ичинде бериле турганын билдирди.

“Биз 50 миллион сомду 2014-жылдын бюджетинен караштырып бердик. Бирок биз Тоң районуна барганда “айрым үй-бүлөлөр берилген жардамды тойлорго жумшап жатышат” деп айтышты”,- деди Оторбаев.     






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: