Кыргызстанда 2015-жылы эң төмөнкү маяна 970 сомду түзөт
Кыргызстанда 2015-жылы эң төмөнкү айлыктын суммасы 970 сомду түзөт. Муну парламенттин 10-декабрдагы жыйынында депутат Мыктыбек Абдылдаев билдирип, маалыматты каржы министри Ольга Лаврова тастыктады. Министрдин айтымында, 2016-жылы өлкөдөгү эң аз айлыктын суммасы 1060 сомду түзөт же 90 сомго көбөйөт. Абдылдаев минималдык айлык акынын өсүшүнүн аздыгын сынга алды.
Автор: Автандил Добулбеков
Мыктыбек Абдылдаев: - Минималдык айлык бир жылда 90 эле сомго өсөт, туурабы?
Ольга Лаврова: - Туура.
Мыктыбек Абдылдаев: - Анан эмне "экономикабыз жыл сайын дүркүрөп өсүп жатат, 2 жылдан кийин коңшу өлкөлөр биздин кантип өнүккөнүбүздү көрүп таң калышат" деп жатабыз?
Ольга Лаврова: - Бул эми эсептик көрсөткүч, орточо айлык жакшы эле өсөт.
Мыктыбек Абдылдаев: - Билесизби, 90 сомго азыр базарда эмне келет? Эки гана нан келет.
Ольга Лаврова: - Менимче, 3 нан келет.
Мыктыбек Абдылдаев: - Мен кээде базарга барам, бааларды жакшы билем.
Ольга Лаврова: - Мен үй кожойкесимин, базарга дайыма эле барып турам.
Мыктыбек Абдылдаев: - Анда бааларды билишиңиз керек. Бир жылда айлыктарга 90 гана сом кошулат деген эмне дегендик?
Ольга Лаврова: - Кайталайм, бул эсептик көрсөткүч жана минималдык айлыктардын өсүшү.
Мыктыбек Абдылдаев: - Өлкөдө минималдык маяна алгандар абдан көп экенин билесизби? Алар иштеп, бизге кызмат кылышууда.
Ольга Лаврова: - Орточо айлык акы 2015-жылы 11 300 сом, кийинки жылы 13 100 сомдон ашат...
Мындай маанайдагы суроо-жооп спикер Асылбек Жээнбековдун кийлигишүүсү менен токтотулду.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

