Валерий Диль Бажы союзуна кирүү келишимин даярдоого байланыштуу Москвага учуп кетти
Вице-премьер-министр Валерий Диль бүгүн, 10-декабрда иш сапары менен Москвага учуп кетти. Өкмөт мүчөсү Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдикке кошулушу тууралуу келишимдин долбоорун даярдоо жана бекитүү боюнча Евразиялык экономикалык союзунун жыйынына катышат. Жыйын вице-премьер-министрлердин деңгээлинде өтөрүн өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Келишимдин долбоорун 2014-жылдын 23-декабрында Москвада Жогорку евразиялык экономикалык кеңешинин жыйынында мамлекет башчыларынын катышуусунда кароо пландалууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

