super.kg logo

Орусияда кыргызстандык 5 жаран каракчылыкка шектелип кармалды

 

Орусияда каракчылык менен алектенип жүргөн 5 адамдан турган (арасында жашы жете элек өспүрүмдөр да бар) топтун мүчөлөрү кармалышты. Алар буга чейин Орусиянын Калуга облусунда аялдарды тоноп келишкен. Бул тууралуу бүгүн, 10-декабрда орусиялык маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалым болгондой, кылмышка шектүүлөр Калуга облусунун Обнинск шаарында кармалышты. Учурда алардын бир нече тоноочулукка тиешеси бар экени айтылууда. Белгилүү болгондой, топтун мүчөлөрү караңгыда жалгыз келаткан аялдарды аңдып, алардын сумкаларын жулуп качып кетишчү экен. Бул топтун акыркы тоноосу 7-декабрь күнү катталган. Жабырлануучу аларды таанып калып, милицияга арыз менен кайрылган. Ал күнү аталган топтун 3 мүчөсү, андан кийин калган экөө кармалды. Кылмышка шектүүлөрдүн жашаган жерин тинтүү учурунда уурдалган аялдардын сумкалары, уюлдук телефондор, банкттык карталар жана капчыктар табылган. Кылмышка шектүү деп кармалгандардын эң кичүүсү 17де, ал эми топтун башчысы 21 жашта. Учурда алардын баары убактылуу кармоочу жайга жайгаштырылып, башка кылмыштарга катыштыгы бар же жок экени такталууда. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
10.12.2014. 23:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тынч эле журбойбу буронун жеринде
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: