Кыргызстандык спортчулар 9 медаль утуу менен Орусияда өткөн Дүйнө кубогунда командалык эсепте 3-орунду ээлешти

Бел боо күрөшү боюнча Кыргызстан курама командасы Орусияда өткөн Дүйнө кубогунда командалык эсепте 3-орунду ээледи. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты кабарлайт.
Маалыматка ылайык, 7-декабрда Оренбург шаарында жыйынтыкталган мелдеште кыргызстандыктар жалпысынан 1 алтын, 1 күмүш жана 7 коло медаль алышкан. Алтынды 68 килограмм салмакта Зыямидин Сатыбеков багындырса, күмүштү 100 килограмм салмакта Тилек Куралов өз эсебине жазды. Ал эми коло медалдарды Кененбек Шамшидин уулу, Мирлан Эралиев (экөө тең 75 килограмм салмакта), Аян Эрмекбаев (82 кг), Чынгыз Чалабаев (90 кг), Чынгыз Сейитжан уулу (100 килограммдан жогорку салмакта), Элиза Абдыкадырова (58 кг) жана Нурсулу Хасенова (76 кг) сыяктуу спортчулар утушту.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
PATRICK

10.12.2014. 16:38
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Командалык эсепти жазып койбойсунарбы?
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.