Асылбек Жээнбеков "2015-жылдын республикалык бюджети өтө күчтүү эмес" деди
"2015-жылдын республикалык бюджетинин долбоору өтө күчтүү эмес". Муну спикер Асылбек Жээнбеков 10-декабрда Жогорку Кеңеште “Кыргыз Республикасынын 2015-жылга республикалык бюджети жана 2016-2017-жылдарга болжолу жөнүндө” мыйзам долбоору кабыл алынгандан кийин айтты. Спикер өкмөткө бюджет боюнча оптимисттик гана эмес, пессимисттик вариантта да пландоону сунуш кылды.
“Бул мыйзам менен биздин мамлекет 3 жыл жашайт. Ошондуктан өкмөт депутаттар тарабынан айтылган пикирлерди эске алуусу керек. Андан сырткары оптимисттик гана эмес, пессимисттик вариантын да пландоо керек. Кийинки жылы дагы өзгөртүүлөрдү карайбыз”,- деди Жээнбеков.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:36
2026-02-24
15:55
2026-02-24
15:08
2026-02-24
14:30
2026-02-24
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















