super.kg logo

“Жашылдандыруу” муниципалдык ишканасынын эсебинен чоң суммадагы акча каражатын мыйзамсыз чыгарып кетүү фактысы боюнча кылмыш иши козголду

 

Бишкек шаарындагы “Жашылдандыруу” муниципалдык ишканасынын эсебинен чоң суммадагы акча каражатын мыйзамсыз чыгарып кетүү фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы бүгүн, 10-декабрда билдирди.

Маалыматка караганда,  2013-жылдын апрель айында аталган ишкана жашылдандыруу боюнча баасы 1 миллион 426 миң сомдук тендер утуп алган. Ошол эле учурда муниципалдык ишкананын директору К.З.Кнын демилгеси аркылуу “ТТА-соода-транспорт альянс” ишканасы менен иштерди аткаруу боюнча кош келишим түзүлгөн. Бирок иштин көбү муниципалдык ишкананын кызматкерлери тарабынан жасалган. Мындан улам жалган келишим аркылуу эки ишкананын жетекчиси 1 миллион 71 миң сомду ээлеп алышкан. Учурда бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: