"Нарын" чек ара отрядынын түзүлгөндүгүнүн 90 жылдыгы белгиленди




Бүгүн, 10-декабрда "Нарын" чек ара отрядынын түзүлгөндүгүнүн 90 жылдыгы белгиленди. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, иш-чарага Чек ара кызматынын жетекчилиги, жергиликтүү бийлик органдары, ардагерлер, мектеп окуучулары катышышты. Анын жүрүшүндө өз ишине мыкты чек арачыларга сыйлыктар, баалуу белектер тапшырылды. Ошондой эле бүгүн Нарын шаарындагы мектептердин биринде “Жаш чек арачы” классы ачылды.
Айта кетсек, "Нарын" чек ара отряды 1924-жылы декабрь айында негизделген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:49
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.