super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңеш табигый чөйрөгө таасир берүүчү каражаттарды аскердик багытта колдонууга тыюу салуучу мыйзам кабыл алды

 

Бүгүн, 10-декабрда Жогорку Кеңеште 1976-жылдын 10-декабрында Женева шаарында кол коюлган "Табигый чөйрөгө таасир берүү каражаттарын аскердик же башкача кастык менен пайдаланууга тыюу салуу жөнүндө конвенцияга Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу" мыйзам долбоору экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алынды. Демилгечилердин айтымында, конвенцияга кошулуу өлкө жаратылышын аскерий куралдарды сыноо кесепеттеринен коргоо жаатында көмөк көрсөтөт. Конвенция талаптары жер титирөө, толкун, бороон-чапкын пайда кылуучу аскерий куралдарды сыноо жана пайдалануу чараларынын колдонулушуна бөгөт коёт. 

Конвенцияга кошулууда мүчөлүк акы төлөнбөй турганы да айтылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: