super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңеш Бажы союзуна кирүү боюнча кезектеги 10 мыйзам долбоорун 3-окууда кабыл алды

 

Жогорку Кеңештин 10-декабрдагы жыйынында Кыргызстандын Бажы биримдигине жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке кошулуусуна байланыштуу 10 мыйзам долбоорунан турган кезектеги топтом 3-окууда кабыл алынды. 

Экономика министрлигинин берген маалыматына таянсак, Кыргызстандын Бажы союзуна кирүүсүнүн алкагында 110 келишим түзүлөт, ал эми Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке кошулуу алкагында дагы 18 келишим түзүлөт.

Бажы союзуна кирүүгө даярдык көрүү процессинде баш-аягы 112 ченемдик-укуктук актылары каралса, анын 32си мыйзам. Кыргызстан өзүнүн улуттук мыйзамдарын Бажы биримдигиндеги өлкөлөрдүн мыйзамдарына шайкеш келтирүүгө тийиш.

Жогорку Кеңеште каралып, үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлгөн мыйзам долбоорлорунун топтому төмөндө:

- “Кыргыз Республикасындагы табигый жана уруксат берилген монополиялар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору;

- “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” (“Атаандаштык жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы ички соода жөнүндө”, “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” мыйзамдарга) мыйзамдын долбоору;

- “Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө” мыйзамдын долбоору;

- “Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору; 

- “Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору;

- “Селекциялык жетишкендиктерди укуктук коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору;

- “Жарнак жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору;

- “Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору;

- “Энергетика жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору.

- “Минск шаарында 2013-жылдын 24-октябрында кол коюлган Бажы союзунун бажы аймагы боюнча баңги каражаттарды, психотроптук заттарды жана алардын прекурсорлорун алып өтүү тартиби жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын кошулушу тууралуу” мыйзамдын долбоору. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: