super.kg logo

Бишкекте Кыргыз улуттук адабият күнү белгиленип, Чыңгыз Айтматов жана Алыкул Осмоновдун сүрөт көргөзмөлөрү уюштурулду

 

Бишкектеги Улуттук китепканада бүгүн, 10-декабрда Кыргыз улуттук адабият күнү белгиленип, анын алкагында залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов жана акын Алыкул Осмоновдун сүрөт көргөзмөлөрү болуп өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чаранын алкагында Чыңгыз Айтматовдун “Ааламга үн салган Айтматов” сүрөт көргөзмөсү жана алп акын Алыкул Осмоновдун “Кылым бүтүп, дүйнөдөн жок болсо да, кайра кайтып жолугушчу жолдор бар” аталыштагы сүрөт көргөзмөсү менен 2 томдук китебинин бет ачары болуп өттү.  

Иш-чарага ЖКнын депутаты Чыныбай Турсунбеков, КРнын Маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтов, акын-жазуучулар жана коомдук ишмерлер катышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: