super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңеш 11-декабрда 2013-2014-жылдардын республикалык бюджетинин аткарылышын карайт

 

11-декабрда Жогорку Кеңеш 2013-2014-жылдардын республикалык бюджетинин аткарылышын талкуулайт. Мындай чечимди депутаттар бүгүн, 10-декабрда кабыл алышты. Айта кетсек, 2014-жылдын республикалык бюджетинин өсүшү 6,2 пайыз өлчөмүндө белгиленсе, ар кандай себептерден улам ал 4,5 пайызды түзүүсү күтүлүүдө. Салыктык жана бажылык алымдардын кыскарышына жана бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн көбөйүшүнө, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин эмгек акыларынын теңдештирилгенине байланыштуу бюджет жаатында бир катар айырмачылыктар болууда. Ал эми 2013-жылдын бюджетин аткаруунун жүрүшүндө бир катар беренелер толук каржыланбай калганын Эсептөө палатасынын төрайымы Эльмира Ибраимова Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы комитетинин 1-декабрдагы жыйынында айткан эле. “Жалпы кирешенин көлөмү 98,8 пайызды түзгөн, мындайча айтканда, 1,6 миллиард сом бюджетке түшпөй калган. Ал эми салыктык киреше пландалгандан 1,4 миллиард сомго азайган",- деген Ибраимова. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: