Нарын облусунда мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен 2 бала бакча мамлекетке кайтарылды
2012-жылы Нарын облусунда мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен бала бакчалар мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы маалымдады. Бул бала бакчалар Нарын районунун Жаңы-Арык жана Казан-Куйган айылдарында жайгашкан. Нарын облустук прокуратурасынын өткөн жылдагы аткарган ишинин жыйынтыгында бир катар коррупциялык, мамлекеттик мүлктү жоготуу, кыйноолорду ооздуктоо жана жашы жете элек балдардын укугун коргоо боюнча коюлган тапшырмалар аткарылгандыгын билдирет Башкы прокуратура.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:13
2025-06-26

14:58
2025-06-25

14:29
2025-06-25

Рейтинг:
0

