Борбор калаада Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата студенттер уюштурган жумалык өтүүдө
Бишкектеги Борбордук Азиядагы Америка
университетинин студенттери 12-декабрь - Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө
карата 8-декабрдан 12-декабрга чейин залкар жазуучунун жумалыгын
уюштурушту. Бул тууралуу бүгүн, 10-декабрда аталган окуу жайдан билдиришти.
Автор: Мальвина Уметбекова
Маалыматка ылайык, аталган жумалыктын негизги максаты - Чыңгыз Айтматовдун өмүр баяны жана чыгармачылыгы тууралуу студенттердин билимин жогорулатуу, жазуучуга таандык чыгармаларды жана анын дүйнөлүк адабиятка кошкон зор салымын даңазалоо.
Иш-чаранын алкагында окуу жайда Чыңгыз Айтматовдун өмүр таржымалы жана чыгармалары тууралуу көргөзмө, “Эрте келген турналар” тасмасы көрсөтүлүүдө. Ошондой эле Б.Кыдыкеева атындагы Кыргызстан жаш көрүүчүлөр театрынын актёрлорунун катышуусунда “12-күн” спектаклинин көрсөтүлүшү да күтүлүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:36
2026-02-16
21:08
2026-02-13
17:13
2026-02-13
10:28
2026-02-09
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















