Өткөн суткада өлкө аймагында 8 өрт кырсыгы катталып, Өзгөн шаарында турак үйдүн чатыры күйүп кетти

Жарандык коргонуунун Өрткө каршы күрөшүү кызматынын маалыматы боюнча, акыркы суткада өлкө аймагында 8 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 8 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын 11-декабрда берген маалыматына ылайык, Бишкек шаарында 1, Чүй облусунда 2, Ош облусунда 2, Жалал-Абад облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 1, Нарын облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.
Өзгөн шаарындагы үйлөрдүн биринде өрт кырсыгы катталды. Анын кесепетинен жыгач устундуу, шифер жабылган, аянты 40 чарчы метр турак үйдүн чатыры, 60 чарчы метр жыгач шыбы, 1 терезе жана 1 эшик толугу менен күйүп кетти. Өрттүн келип чыгуусуна жылытуучу мештерди жана морлорду колдонууда эреженин бузулушу себеп болгон. Ошондой эле Жумгал районуна караштуу Көк-Ой айылында турак үйдүн 3 бөлмөсүндө аянты 40,5 чарчы метр жыгач шыбы, жыгач полу жана үй эмеректери күйүп кетти. Өрттүн келип чыгуусуна электр жабдууларын пайдаланууда техникалык эреженин бузулушу себеп болгон Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.