Жоомарт Оторбаев: "Бюджеттин 50 пайызын социалдык багытка бурдук, бирок акча жетпей жатат"
2015-жылдын республикалык бюджети боюнча каражаттын 50 пайызы социалдык багытка жумшалат. Муну өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев 11-декабрда Жогорку Кеңеште 2014-жылдын бюджетинин аткарылышы талкууланып жатканда билдирди.
Премьер-министр 2014-жылдын республикалык бюджети жакшы аткарылганын кошумчалады. “Бюджет жакшы аткарылган. Кийинки жылдын бюджетинин 50 пайызын социалдык багыттарга буруп жатабыз. Бирок каражат жетишпей жатат. Ошондой болсо да биз мамлекеттик кызматкерлердин айлык акыларын көтөрүү боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүүдөбүз”,- деди Оторбаев.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

