super.kg logo
  Саясат  

Кыргызстанда бүгүн, 11-декабрда электр энергиясынын жаңы тарифтери күчүнө кирди

 

Кыргызстанда электр энергиясына жана жылуулукка болгон жаңы тарифтер бүгүн, 11-декабрда күчүнө кирди. Жаңы тарифтер боюнча абонент 700 киловатт-саатка чейин 70 тыйындан, андан ашканына 2 сом 05 тыйындан төлөйт. 

Мисалы, абонент 1000 киловатт-саат электр энергиясын пайдаланса, мунун 700 киловатт-саатына азыркыдай 70 тыйындан төлөйт. Калган 300 киловатт-саатына 2 сом 05 тыйындан төлөп баштайт. Ошондо абонент 1000 киловатт-саат электр кубаты үчүн 1105 сом төлөп калат (700 киловатт-саат х 70 тыйын = 490 сом, 300 киловатт-саат х 2 сом 05 тыйын = 615 сом). Бул азыркы 1000 киловатт-саат электр энергиясынын баасынан 405 сомго кымбат. Кыргызстан быйылкы сезондо 7,5 миллиард киловатт-саат электр энергиясын өндүрмөкчү. Муну калкка бөлгөндө ар бир абонентке 680-690 киловатт-сааттан тиери айтылды. 

Ал эми жылуулук энергиясы боюнча бирдиктүү тариф киргизилгени жатат, анын баасы 1 гигакалория үчүн 917 сом. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: