super.kg logo
  Саясат  

Өкмөт башчы "Жунда" заводунда экологиялык көйгөйлөр көп" деди

 
Кара-Балта шаарындагы "Жунда" мунайды кайра иштетүүчү заводунда экологиялык көйгөйлөр көп. Мындай пикирди өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев Жогорку Кеңештин 11-декабрдагы жыйынында билдирип, бул жаатта сүйлөшүү жүрүп жатканын айтты. "Тилекке каршы, "Жунда" заводу жетиштүү кубаттуулукта иштебей жатат. Жыл башынан бери 80 миң тонна гана мазутту кайра иштетти, Орусия менен Казакстанда пошлинасыз чийки мунайзат ала албай жатышат. Экологиялык көйгөйлөр көп. Завод жылына 800 миң тоннадан 1 миллион тоннага чейин мунайзатты кайра иштетиши керек",- деди Оторбаев.  
Жыйында депутат Дастан Жумабеков аталган заводдо иштегендердин айлыгы эки эсе кыскарып кеткенин айтып чыкты. "Заводдо иштегендер мурда 20 миң сомдон маяна алышса, учурда айлыктарын 10 миң сомго түшүрүп коюптур",- деген депутат буга көңүл бурууну өкмөттөн өтүндү. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: