super.kg logo
  Саясат  

Ош. Мелис Мырзакматов: "Ош шаары кооздугу боюнча бир да аймакты алдына салбашы керек"

 

Быйыл Ош шаарынын кооздугу үчүн гүл өстүрүүгө даярдыктар жүрүүдө. Чехиядан гүл уруктарын сатып алуу үчүн шаардык бюджеттен 1 миллион сом бөлүнмөкчү. Былтыр бул ишке 300 миң сом бөлүнгөн. Бул тууралуу шаар мэринин милдетин аткаруучу Мелис Мырзакматов шаардагы мекеме-ишканалардын жетекчилери менен болгон жыйында билдирди. 

Ош шаары кооздугу боюнча бир да аймакты алдына салбашы керек. 1 миллион сомдук гүл уруктарын алгыла да, иштегиле. Күздүн акыркы айларына чейин шаарыбыз гүл менен кооздолуп турсун. Эгер Ош шаарынын гүлдөрүнөн башка бир аймактыкы ашып кете турган болсо, анда башкача сүйлөшөбүз”,- деп Мырзакматов Ош шаарындагы Көрктөндүрүү жана жашылдандыруу ишканасына эскертти.

Ал эми аталган ишкананын жетекчиси Бактияр Кудайбердиев: “2 жылдан бери Чехия менен келишим түзүп, гүл уруктарын сатып алабыз. Биздин өлкөнүн шартында кайсы сорттогу гүлдөр өсөрүн жакшы билип калдык. Негизги гүлдүн 3 сортунун 30га жакын түрүн алып келебиз. Кудай буюрса, март айынын башынан баштап шаарга гүл отургузуу иштери өз күчүнө кирет”,- деди. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 6 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: