super.kg logo

"Бишкектеги жогорку окуу жайлардын бирине өткөрөм" деп акча алып, шаар тургунун алдап кеткен жаран кармалды

 

"Бишкектеги жогорку окуу жайлардын бирине өткөрөм" деп акча алып, шаар тургунун алдап кеткен жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 11-декабрда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине 21 жаштагы шаар тургуну кайрылган. Анда ал Канат аттуу бала "жогорку окуу жайга өткөрөм" деп 137 миң сом акча алып, андан соң качып кеткенин айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 24 жаштагы борбор калаанын жашоочусу кармалган. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: