super.kg logo
  Саясат  

Кыргызстанда быйыл социалдык багыттагы 246 объекттин курулушу жүрдү

 
Кыргызстанда 2014-жылы социалдык багыттагы 246 объекттин курулушу жүрдү, курулуштардын жалпы суммасы 4 миллиард 483 миллион сом. Муну парламенттин 11-декабрдагы жыйынында депутат Курманбек Дыйканбаев билдирди. Депутаттын билдиришинче, мунун ичинен 15 социалдык объекттин, 36 мектептин курулушу бүттү. 
"Орусиядан 1 миллиард 727 миллион сом грант түрүндөгү кошумча каражат республикалык бюджетке түшкөн. Жыйынтыгында комитет тарабынан төмөндөгүдөй негизги көрсөткүчтөр сунушталды: бюджеттин кирешелер бөлүгү 103 миллиард 325 миллион 757 400 сом, бюджеттин чыгашалар бөлүгү 114 миллиард 794 миллион 628 100 сом, бюджеттин тартыштыгы 11 миллиард 468 миллион 870 700 сом”,- деди депутат.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: