Темир Сариев экономиканын өсүшүнө эл тоскоол болуп жатканын айтты
Ички рыноктун чакандыгы жана калктын ишканаларга болгон терс мамилеси экономиканын өсүшүнө тоскоол болуп жатат. Муну экономика министри Темир Сариев Жогорку Кеңештин 11-декабрдагы жыйынында билдирди. Жыйында депутаттар министрден “Өлкө экономикасы эмнеге өспөй жатат? Буга кандай тоскоолдуктар болуп жатат?" деп сурашкан эле. Сариев элдин инвесторлорго болгон мамилесин өзгөртүш керектигин айтты. “Элдин чет элдик ишканаларга терс мамилеси улана берчү болсо, экономикабыздын өсүшү төмөндөйт. Анткени инвесторлор качат. Ушул нерсе экономиканы өстүрбөй жатат”,- деди министр.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

