Бишкекте мас абалдагы атасы жоготуп алган 4 жаштагы бала табылды

Бишкек шаарында кечээ, 10-декабрда сейилдөөгө атасы менен чыгып жоголуп кеткен 4 жаштагы Михаил Совпель табылды. Бул тууралуу бүгүн, 11-декабрда SUPER.KG порталына жоголгон баланын бир тууган эжеси Тамила Карибулина билдирди.
Маалыматка ылайык, жоголгон бала Энергетиктер шаарчасындагы бут кийим оңдоочу жайдын биринен табылды. Учурда табылган бала менен аны кечээтен бери караган өтүкчү милицияга алынып келинди. Өтүкчүнүн айтымында, ал кечээ баланы мас абалдагы адам менен көрүп, аны өзүнүн жанына алып калган. Ошондон бери ал анын жанында болгон экен.
Эске салсак, кечээ сыртка сейилдөөгө чыккан мас абалдагы атасы баласын жоготуп алып, ал бүгүнкү күнгө чейин дайынсыз болуп жаткан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
taku0214

12.12.2014. 02:12
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кудай сактаптыр табылып.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.