super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Ошто Адабият күнүнө карата адабий-музыкалык кече, көргөзмө уюштурулду

 

Ош мамлекеттик университетинин илимий китепканасынын жамааты искусство факультетинин концерттик залында 12-декабрь – Адабият күнүнө карата “Кылым бүтүп, дүйнөдөн жок болсок да, кайра кайтып жолугушчу күндөр бар” деген аталыштагы адабий-музыкалык кече уюштурду. Бул тууралуу бүгүн, 11-декабрда окуу жайдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечеге адабият күйөрмандары, окутуучулар, студенттер жана китепканачылар катышышты. Кеченин жүрүшүндө искусство жана чет тилдер факультеттеринин студенттери тарабынан Ч.Айтматовдун чыгармаларынан даярдалган сахналык көрүнүштөр көрүүчүлөргө тартууланды. Ошондой эле университеттин таланттуу студенттери өз калемдерине таандык заманыбыздын залкар акын-жазуучулары Чыңгыз Айтматовго, Алыкул Осмоновго арналган көркөм окуу уюштурушту.  

Кечени искусство факультетинин элдик музыкалык аспаптар жана үйлөмө аспаптар ансамблдери коштоп турса, кыргызга белгилүү акын, көрүнүктүү ырчы, обончу, дастанчы, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Жолболду Алыбаев, Манас Кожомжаровдор баштаган таланттуу агайлардын, студенттердин  чыгармалары шаңга бөлөдү. Уюштуруучулар тарабынан атайын көргөзмө да өттү.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: