Бишкек шаарында уурулардын тобу кармалды
Бишкек шаарында уурулардын тобу кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 11-декабрда билдирди.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине 42 жаштагы Чүй облусунун тургуну кайрылган. Анда ал үйүнө белгисиз адамдар киришип, баалуу буюмдарын уурдап кетишкенин айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 30 жаштагы Бишкек шаарынын жана 32 жаштагы Чүй облусунун тургуну кармалган. Учурда алар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.