Бөдөш Мамырова айыл чарба министрине: "Эртеден кечке "ирригация" эле дейсиз, мындан башка терминиңиз жокпу?"
Парламенттин 11-декабрдагы жыйынында депутат Бөдөш Мамырова айыл чарба жана мелиорация министри Таалайбек Айдаралиевди катуу айыптады. Депутат алгач министрге быйыл бөлүнгөн айрым акчалардын дайынын сурап кайрылганда министр "ирригациялык тармакка жумшалды" деген жооп узатты. Мындан кийин депутат буларды айтты: "Бүгүн кечке чейин ирригация дегенден башка сөз айтпадыңыз. Мындан башка терминиңиз жокпу? Даяр эмес болсоңуз, даярданып келгенде жооп бересиз".
Автор: Автандил Добулбеков
Министр быйыл ирригация тармагына өзгөчө көңүл бурулганын, башка тармактар боюнча деле айтчу иштер бар экенин кошумчалоого үлгүрдү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

