super.kg logo
  Саясат  

Өкмөт: Кыргызстанда бензин 4 пайызга арзандады

 
Кыргызстанда бензин менен дизель майы 4 пайызга арзандаганын 11-декабрда өкмөткө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги билдирди. Мекеме 6-декабрдан 10-декабрга чейин АИ-80 жана АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин 1 литри 1 сомго арзандаганын маалымдайт. 11-декабрда баалар дагы өзгөрүп, АИ-80 40 тыйынга, АИ-92 1 сомго, АИ-95 2 сом 20 тыйынга, дизель майы 1 сомго арзандады. 
Агенттик бензиндин арзандашына эки фактор таасир эткенин билдирет. Биринчиси - Орусиядагы мунай өндүрүүчү айрым ишканаларда оңдоо иштери бүтүп, ишке берилгени, экинчиси - күйүүчү майга болгон суроо-талаптын сезондук кыскарышы. 
Айта кетсек, 11-декабрга карата борбор шаарда АИ-92 үлгүсүндөгү бензин 47 сом 80 тыйын, АИ-80 40 сом 20 тыйынАИ-95 51 сом, дизель майы 40 сом болууда. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: