super.kg logo
  Саясат  

Турак жай боюнча салык төлөөчүлөрдүн жоопкерчилигин күчөтүүчү мыйзам кабыл алынды

 

Бүгүн, 11-декабрда парламент жыйынында “Салык кодексине толуктоо жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору каралып, үчүнчү окууда кабыл алынды. Маалыматка таянсак, мыйзам долбоору салык салуунун системин оптималдаштыруу жана турак жай курууну ишке ашыруучу уюмдардын жана жеке ишкерлердин кирешелерине салык салууну башкарууну жакшыртуу үчүн иштелип чыккан.

Долбоордун негизги милдети - турак жайдын бир чарчы метри үчүн мурдатан белгиленген ставка боюнча салык төлөөдө салык төлөөчүлөрдүн жеке жоопкерчилигин жогорулатуу, салык төлөөчү үчүн салыктык отчёттуулукту даярдоодо мыйзамды бузбастан салык салуудан качуунун техникалык мүмкүнчүлүктөрүн жокко чыгаруу жана мамлекеттик бюджетке төгүмдөрдү көбөйтүү.

Салыкты жөнөкөйлөтүп эсептеп чыгаруунун мындай ыкмасы курулуш уюмдары менен фискалдык органдардын ортосундагы карама-каршылыктарды чечери айтылууда. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: