super.kg logo

Бишкек шаардык санитардык-экологиялык инспекциясы тарабынан калаанын санитардык абалын текшерүү иштери жүргүзүлдү

 

Бишкек шаардык санитардык-экологиялык инспекциясы тарабынан калаанын санитардык абалы текшерилди. Бул тууралуу бүгүн, 11-декабрда мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалым болгондой, жүргүзүлгөн рейддин алкагында Байтик баатыр көчөсүндөгү №43-жер тилкесинде “Батл Хол” интернет-клубунун кызматкерлери тарабынан кургак тиричилик таштандылары баш аламан чогулуп, санитардык нормалар жана Бишкек шаарын көрктөндүрүү эрежелери көзөмөлдөнбөгөнү аныкталды. Иш-чаранын алкагында санитардык-экологиялык инспекциясынын кызматкерлери тарабынан “Батл Хол” интернет-клубунун администратору Э.Казакбаевдин атына КРнын Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 489-беренеси боюнча протокол түзүлүп, Октябрь райондук административдик комиссиясынын кароосуна жиберилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: