super.kg logo
  Саясат  

Нурбек Элебаев Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин директору болуп дайындалды

 
Нурбек Элебаев мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, өкмөткө караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин директору болуп дайындалды. Тийиштүү жарлыкка премьер-министр Жоомарт Оторбаев кол койгонун 11-декабрда өкмөттөн билдиришти. Н.Элебаев буга чейин Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдындагы Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча департаменттин башчысы болуп иштеп келген. 
Айта кетсек, бул агенттиктин негизги милдети - электр жана жылуулук энергиясын, жаратылыш газын өндүрүүчүлөр менен колдонуучулардын кызыкчылыктарынын тең салмактуулукту камсыздоо, тармактагы лицензия берүү жана лицензиялык талаптардын аткарылышын көзөмөлдөө, электр жана жылуулук энергиясы, жаратылыш газы үчүн тарифтерди коюу. 
Н.Элебаев:
Туулган жылы, күнү - 1955-жыл, 4-ноябрь.
Туулган жери - Бишкек шаары.
Улуту - кыргыз.
Билими - жогорку, кесиби - экономист. 
Үй-бүлөлүү, 2 кыздын атасы. 
Билген тилдери - кыргыз, орус, англис. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: