super.kg logo

Эртең Бишкектин жана Чүйдүн айрым аймактарында электр жарыгы үзгүлтүккө учурайт

 

Аба чубалгыларындагы жана көмөк чордондорундагы оңдоо иштерине байланыштуу эртең, 12-декабрда Бишкектин жана Чүйдүн айрым аймактарында электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасынан билдиришти.    

Маалыматка ылайык, саат 09:00дөн 17:00гө чейин Бишкек шаарынын Ак-Тилек конушунда №-1387-көмөк чордонунда оңдоо иштери жүргүзүлүп, электр жарыгы үзгүлтүккө учурайт. Ошондой эле Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Чоң-Таш, Заречное, Баш-Кара-Суу, Жал айылдарында, Жайыл районуна караштуу Алексеевка (Школьная, Чапаев, Гречка, Жуков, Центральная, Калинин көчөлөрүндө) айылында электр жарыгы өчүрүлөт.

Чүй районуна караштуу Искра (Молодёжная, Юбилейная, Фабричная, Победа, Новоселов, Центральная, Беянхо көчөлөрүндө), Алчалуу, Талды-Булак, Султан айылдарында электр жарыгы үзгүлтүккө учурайт. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: