super.kg logo
  Саясат  

Бишкекте АИ-92 бензининин баасы 47 сомго түштү

 

Бишкек шаарында бензиндин баалары төмөндөөдө. 12-декабрга карата май куюучу жайларда АИ-92 үлгүсүндөгү бензин 47 сом, АИ-95 50 сом, АИ-80 39 сом 90 тыйын, дизель майы 40 сом 20 тыйын болууда. Айрым май куюучу жайларда АИ-92 47 сом 90 тыйындан, АИ-95 51 сомдон сатылууда. Айта кетсек, өткөн аптада АИ-80 үлгүсүндөгү бензин 41 сом 40 тыйын, АИ-92 49 сом 90 тыйын, АИ-95 53 сом 20 тыйын, дизель майы 42 сом 50 тыйын болчу. Тагыраак айтканда, АИ-92 бир аптада 2 сом 90 тыйынга, АИ-95 3 сом 20 тыйынга, АИ-80 1 сом 50 тыйынга, дизель майы 2 сом 50 тыйынга арзандады.  

Өкмөт бензиндин арзандашына эки фактор таасир эткенин билдирет. Биринчиси - Орусиядагы мунай өндүрүүчү айрым ишканаларда оңдоо иштери бүтүп, ишке берилгени, экинчиси - күйүүчү майга болгон суроо-талаптын сезондук кыскарышы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: