Кыргызстан Бажы биримдигинин жалпы кирешесинин 2,85 пайызын алат
Кыргызстан Бажы биримдигинин жалпы кирешесинин 2,85 пайызын алат. Муну вице-премьер-министр Валерий Дилге шилтеме берүү менен 24kg жарыялады. Анын айтымында, Евразиялык экономикалык комиссия кеңешинин кезектеги жыйынында бул маселе талкууланган жок, мурда жетишилген келишимдер күчүндө калды. "Биздин товар айлантуубуздун көлөмүн эсептеп чыктык. Ушул негизде Кыргызстандын Бажы союзунун жалпы кирешесиндеги үлүшү тууралуу сунуш жасалды. Өнөктөштөр макул болушту. Сандарды азырынча айта албайм, бирок бир нерсени так айта алам, бажы төлөмдөрүнүн көлөмү азыркыдан бир топ жогору болот",- деди Диль.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

