super.kg logo

Башкы штаб Жалал-Абаддагы аскер бөлүгүндө жаракат алып каза болгон лейтенант жөнүндө билдирүү жасады

 

Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын басма сөз кызматы Жалал-Абад облусунун Ала-Бука айылындагы 30670-аскер бөлүгүндө кечээ, 11-декабрда каза болгон лейтенанттын өлүмү боюнча билдирүү жасады.

Ала-Бука айылында 30670-аскер бөлүгүнүн улук лейтенанты С.Т. курал колдонуу эрежесин одоно бузуу менен нөөмөт убактысын өткөрүп берип жаткан лейтенант Б.Эге карата ок чыгарып, жыйынтыгында лейтенант оор жаракат алган. Окуя кечээ, 11-декабрда болжол менен 17:00 чамасында болгон. Жабырлануучу Ала-Бука райондук ооруканасына жеткирилген, бирок өзүнө келбестен, операция учурунда каза болду,- деп айтылат маалыматта.

Белгилүү болгондой, окуя болгон жерде учурда Жалал-Абад гарнизонунун Аскер прокуратурасынын өкүлдөрү иликтөөгө чейинки иш-чараларды жүргүзүүдө. Ошондой эле бул окуя боюнча кызматтык иликтөө иштери дайындалып, Башкы штабдын жетекчисинин орун басары Жаныбек Капаровдун жетекчилигиндеги офицерлер тобу бүгүн эртең менен Ала-Бука районуна чыгып кетишти.

Маалыматка ылайык, каза болгон лейтенант, 23 жаштагы Б.Э. бөлүктүн штабынын башчысынын жардамчысынын милдетин өтөп келген. Ал 2013-жылы КРнын Куралдуу күчтөрүнүн К.Үсөнбеков атындагы Аскер институтун аяктаган. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
12.12.2014. 10:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жаткан жери жайлуу болсун, топурагы торкуу болсун...
12.12.2014. 12:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жайы жаннаттан орун алсын оомин.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: