Бишкекте гиря көтөрүү боюнча Кыргызстандын кубогу үчүн мелдеш өтөт

14-декабрда Бишкекте гиря спорту боюнча Кыргызстандын кубогу ойнотулат. Бул тууралуу аталган спорт түрү боюнча федерациядан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, мелдеш Мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын оор атлетика залында Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын спортчуларынын катышуусунда өтөрү күтүлүүдө. Анда уландар, кыздар, жаштар жана ардагерлер арасында жалпысынан 19 комплект медаль ойнотулат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.