super.kg logo
  Саясат  

Алмазбек Атамбаев: “Өлкөдө мыйзамдын үстөмдүгү орношу керек”

 

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 12-декабрда Жогорку Соттун 90 жылдыгы менен куттуктады. Бул тууралуу  президенттик аппараттан билдирди.

Мамлекет башчысынын куттуктоосунун тексти:

“Урматтуу судьялар жана сот коомчулугунун өкүлдөрү!

Кыргызстандыктар менен чогуу өлкөнүн сот системи да калыптануунун татаал жолун басып өттү.

Бүгүнкү күндө Кыргызстан укуктук мамлекетти курууга багыт алды. Коррупцияга жана кылмыштуулукка каршы күрөш жүрүүдө. Өлкөдө мыйзамдын үстөмдүгү орношу керек. Жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин, Кыргызстандын улуттук таламдарын коргоону камсыз кылуу өтө маанилүү болуп эсептелет. Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун өзгөчө орду мына ушунда экендигин баса белгилейм.

Сот системиндеги реформалар карапайым кыргызстандыктардын жашоо-турмушуна жакшы таасир тийгизүүгө тийиш. Судьялардын ак ниеттүүлүгү жана абийирдүүлүгү, сатылбастыгы жана калыстыгы биздин жашоо-турмушубуздагы чындык болуп калышы керек. Адамдардын бийликке болгон ишеними, коомдо стабилдүүлүктүн сакталышы сиздердин кесипкөй жана компетенттүү иштегениңиздерге жараша болот. Сиздер карапайым элдин үмүтүн актайсыздар деп терең ишенем.

Сиздерди Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун жана жергиликтүү соттордун 90 жылдык юбилейи менен куттуктайм! Сиздерге чың ден соолук, ишиңиздерге ийгилик каалайм! Кыргызстаныбызда тынчтык болуп, өсүп-өнүгө берсин!

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: