super.kg logo
  Саясат  

"Республика" фракциясы Мамлекеттик мүлк фондунун ишмердүүлүгүн "канааттандырарлык" деп тапты

 

Жогорку Кеңештеги “Республика” фракциясы 12-декабрдагы жыйынында Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун мамлекеттик активдерди жана улутташтырылган объекттерди башкаруу ишмердүүлүгүнүн эффективдүүлүгү боюнча фонд төрагасы Дүйшөн Ирсалиевдин маалыматын укту. Жыйын жүрүшүндө Ирсалиев депутаттарга мекеменин аткарып жаткан иштери тууралуу маалымат берип, суроолоруна жооп берди. Фракция мүчөлөрү анын бул кызматка дайындалганына 2 ай болгонун эске алып, “канааттандырарлык” деген чечим чыгарды. Фракция мүчөсү Курманбек Дыйканбаев аны эл өкүлдөрүнүн суроолоруна ачык жооп берип жатканы үчүн мактады. Ирсалиев фонддун ыйгарым укуктары башка министрликке бөлүштүрүлүп кеткенин айтты. “Бизде эч кандай укуктар калбаптыр. Баары башка министрликтерге берилип кетиптир. Биз азыр Экономика министрлигинин көзөмөлүнүн артында иш жасайбыз”,- деди Ирсалиев. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: