Дүйнөлүк лидерлер бузулбашы керек болгон нормаларды бузганда... (фото)
2014-жыл, ноябрь. Орусия президенти Владимир Путин Кытайда өткөн Азия-Тынч океан кызматташтык уюмунун саммитинде күн суук болуп кеткендиктен, Кытайдын лидери Си Цзиньпиндин аялына плед жапкан. Президенттин бул жоругу катуу талкууга алынган. Кытайлыктардын пикиринде, айымдарга бөтөн бирөөлөрдүн (айрыкча чет элдиктердин) кол тийгизүүсү айрыкча дипломатия чөйрөсүндө туура эмес жана жагымсыз көрүнүш. Путиндин "кам көрүүсүн" алар оройлук деп баалашса, батыш басылмалары "дипломатиянын эрежесин бузуу" деп жарыялашкан.


2014-жыл, ноябрь. Орусия президенти Владимир Путин Кытайда өткөн Азия-Тынч океан кызматташтык уюмунун саммитинде күн суук болуп кеткендиктен, Кытайдын лидери Си Цзиньпиндин аялына плед жапкан. Президенттин бул жоругу катуу талкууга алынган. Кытайлыктардын пикиринде, айымдарга бөтөн бирөөлөрдүн (айрыкча чет элдиктердин) кол тийгизүүсү айрыкча дипломатия чөйрөсүндө туура эмес жана жагымсыз көрүнүш. Путиндин "кам көрүүсүн" алар оройлук деп баалашса, батыш басылмалары "дипломатиянын эрежесин бузуу" деп жарыялашкан.

1981-жылга чейин АКШнын президенттери аскердик честь берүүлөргө жооп кайтарышчу эмес. Президенттердин честь берүүсү Рональд Рейгандын тушунда башталган. Ал алгач Деңиз-аскердик күчтөрүнүн генералы Роберт Барроу менен кадимки классикалык костюмчан честь берүү кандай болорун кеңешкен. Барроу муну башкы кол башчы катары президент өзү чечиши керектигин айткан. Президенттердин ичинен честь берүүдөгү эң өзгөчө учур Жорж Буштун тушунда 2001-жылы болгон, аскерлерге жооп кайтаруу учурунда анын колунда сүйүктүү ити болгон.

2009-жылы ханыша Елизавета II менен жолугушуу учурунда Барак Обаманын жубайы Мишель Обама ханышаны кучактоо менен протоколду көз көрүнө бузган. Окуя эркин форматтагы пикир алышуу маалында болгон. Британиянын эски салтына ылайык, ханышаны кучактоого кескин түрдө тыюу салынат. Бирок мында Елизевета II эч кандай нааразычылык билдирген эмес.

2008-жыл. Италиянын премьер-министри Сильвио Берлускони Германиянын канцлери Ангела Меркель менен тамашалашкан. Премьер столбанын артына жашына калып, унаадан чыгып келе жаткан Меркелге "Ку-ку!" деп кыйкырган. Меркель таң калганын жашырган эмес жана Берлусконини көрүп "Сильвио!" деп сүйлөнүп жиберген.

2006-жылы Орусия президенти Владимир Путин жубайы Людмила Путина менен АКШга "Чоң сегиздиктин" саммитине катышуу үчүн барган. Аларды кабыл алууда өлкө президенти Жорж Буш Путиндин жубайын өөп учурашкан. Путин протоколду карманууну чечкен жана Америка президентинин жубайы менен учурашуусу кол алышуу менен чектелген.

2005-жыл. Берлинде өткөн салтанаттуу иш-чаралардын биринде Сингапурдун премьер-министри Ли Сяньлун Германия канцлеринен бир топ алдыга басып кеткен. Протоколго ылайык, лидерлер тең басып жана аскердик оркестрдин жанынан өтүшү керек болгон. Сяньлун муну билген эмес же унутуп койгон.

2007-жыл. Владимир Путин менен Ангела Меркелдин жолугушуусуна Путиндин ити да катышкан. Путиндин жанында отурган итти көргөндө канцлер кооптонгон, көп өтпөй ит фотокабарчылар жакка басып өткөндө Меркель "Азыр журналисттерди жейт!" деп жиберген. Путин ити тиштебей турганын айтып ишендиргени менен, канцлердин кооптонуусу токтогон эмес.

Америкалык баскетболчу Жеймс Леброн Улуу Британиянын ханзаадасы Уильямдын жубайы Кейт Миддлтон менен сүйлөшүүдө протоколду бузганы айтылат. Кейт Миддлтон жолдошу менен баскетбол мелдештеринин биринде болуп, оюндан кийин аталган спортчу менен сүрөткө түшүүнү сунуштаган. Сүрөткө түшүү маалында Жеймс ханбийкенин ийинине колун койгон. Муну ханзаада Уильям көрүп, бирок байкамаксан болуп койгону айтылат.

2009-жыл. Япониянын императору Акихито менен жолугушууда Барак Обама жүгүнгөн. Муну америкалык сынчылар кескин айыптап, "АКШ президенттери император же падышалардын кадыр-баркын моюнга албашы керек" дешкен. Обама мындай көрүнүштү 2009-жылы Сауд Арабиянын падышасы менен жолугушууда да кайталаган.

2002-жылы Катардын эмири Хамад бин Халиф аль-Танинин экинчи жубайы Муза бинт Насер коомчулукка биринчи жолу ачык жүзү менен чыккан. Муну Катар коомчулугу "ислам дининин талаптарын бузуу" деп сындап чыгышкан.

2014-жыл, сентябрь. Нью-Йоркко БУУнун Башкы ассамблеясынын жыйынына катышуу үчүн барган Барак Обама алдынан чыгып учурашкан аскерлерге колундагы кофе куюлган стаканы менен честь берген. Талапка ылайык, президент эки колу тең бош болгон учурда честь бериши керек же мындан биротоло баш тартышы керек болчу.
Президенттер, премьер-министрлер, спикерлер жана башка өлкөнүн биринчи жүздөрү дипломатияда бузбашы керек болгон эрежелер бар. Дипломатиялык протокол... Бирок бул протокол дайыма эле 100 пайыз сактала бербейт, дүйнөлүк лидерлер деле кээде аталган документти "унутушат". Төмөндө белгилүүлөрдүн жана алардын жакындарынын сызыктан чыккан учурлары...
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
2

