Түркиядан келген дары-дармектер боюнча кылмыш иши козголду
Түркиядан келген дары-дармектер боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы бүгүн, 12-декабрда билдирди.
Маалыматка караганда, 2014-жылдын март айында “Манас” аэропортуна Түркиядан 120 килограмм дары-дармек келген. Аны Бажы кызматынын инспектору О.С.К. “БТС” ишканасынын кампасына чейин коштоп барышы керек эле. Бирок ал барган эмес. Мындан улам дары-дармектер белгисиз тарапка жеткирилген. Ошондой эле дары-дармектер тиешелүү бажы процедураларынан өткөн эмес.
Учурда бул боюнча “аткезчилик” жана “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Аты-жөнү тергөө иштеринин кызыкчылыгы үчүн жашырылган.